Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:04

ЦУНАМИ КУРМАНДЫКТАРЫНЫН САНЫ 80 МИҢДЕН АШТЫ, ЭМИ ЭПИДЕМИЯГА ЖОЛ БЕРБӨӨ МИЛДЕТИ ТУРАТ


Түштүк-чыгыш Азияда жана Африкада өткөн жекшембидеги жер титирөөнүн жана Инди океанынын зилзаладан улам чыккан кубаттуу ташкынынын айынан курман болгондордун саны сексен миңден ашты. Нечен миңдеген адамдардын, анын ичинде чет элдик туристтердин дайыны белгисиз. Алааматка кабылган аймактарда куткаруу иштери кызуу жүрүп жатат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму эпидемия таралышына жол бербөө зарылдыгын эскертүүдө.

Мухиттин жер титирөөдөн улам чыккан толкуну, же жапондордун сөзү менен айтканда - "цунами", адамзаттын тарыхындагы жаратылыш кырсыктарынын эң ирилеринин бири катары каралууда.

Шри–Ланкананын БУУдагы элчиси Бернард Гуннетилектин айтымында, анын өлкөсү мындайды эзели баштан кечирген эмес:

- Биз өткөн тарыхыбызда эч качан мындайды көргөн эмеспиз. Шри–Ланка жер титирөө көп болчу өлкө эмес, биз мурда ашып-ташкан толкунга да кабылган эмеспиз. Жер которуучу адамдар бир миллион же андан да көп болот. Бөтөнчө экономикабыздын негизи түзгөн балык жана туризм индустриясы улуу ташкындын натыйжасында бүлгүнгө учурады.

Шри-Ланкада курмандыктардын саны бүгүнкү күнгө карата кеминде 22,5 миңдей.

Цунамиден көп жабырланган өлкө - Индонезия. Бул жерде набыт кеткендердин саны 30 миңден ашуун жана бул цифра дагы өсүшү толук ыктымал, себеби куткаруучулар жете албай жаткан кыштактар да бар. Курман болгондордун дээрлик баары өлкөнүн Ачех провинциясынын тургундары.

Жер титирөөнүн очогу Индонезиянын ушул провинциясы жайгашкан Суматра аралында орун алып, күчү Рихтер өлчөмү боюнча 9 баллга жеткен эле.

Инди мухитиндеги жер титирөөдөн улам келип чыккан кубаттуу толкундун бийиктиги 10 метрден ашып, бул алааматтуу толкун мухитти жээктеген өлкөлөрдүн нечендеген кыштактарын, аралдардагы жана жээк боюндагы курорттук жайларды жууп кеткен.

Жабыр тарткан өлкөлөрдүн арасында Азиядан - Индия, Таиланд, Малайзия, Мальдив аралдары, Бирма, Бангладеш, ал эми Африкадан - Танзания, Сомали бар.

Индияда өлгөндөрдүн саны 12 миңден ашуун.

(Сүрөттө - Индиянын Керала штатындагы жергиликтүү калайык цунаминин курмандыгы болгондордун сөөктөрүн өрттөө жөрөлгөсүн 29-декабрда өткөрдү. Ассошиейтед пресс агенттигинин сүрөтү.)


1,5 миңдей адам өмүрүнөн айрылган Таиландда чет элдик туристтер көп келген Пхукет аралындагы курорттордун таш талканы чыкты. Бул жерде эс алып жүргөн чет элдик, көбүнесе европалык туристтер арасында чыгым канча экени, атүгүл канча турист жүргөнү так белгисиз.

Муну кечээ (шейшембиде) Таиланддын тышкы иштер министри Суракиарта Сатриатая да ырастады:

- Биз Таиланддын аймагында канча чет элдик турист жүргөнүн билбейбиз, бирок алардын тагдырына өтө тынчсызданып жатабыз. Себеби алар биздин конокторубуз.

Таиландда дайынсыз деп эсептелип жаткан чет элдиктердин арасында Швеция менен Германиядан 1000ден эс алуучу бар. Окуяга күбө болгон казактандык турист Лада Ли "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Астанадагы кабарчысына буларды айтты:

- Чын эле өтө коркунучтуу болду. Экинчи кабаттан да бийик көтөрүлгөн суу айнектерди сындырып, адамдарды агызып кетип жатты.

Малайзиядан Таиландга эс алууга барган бир кыргыз студенти аман-эсен экендиги кабардалды. Анын паспорту деңиз ташкыны маалында башка буюмдары менен кошо агып кеткен экен (бул жигиттин окуясы тууралуу бейшемби күнү "Азаттыктан" толугураак баяндамакчыбыз).

Учурда Инди мухитинин кырсыкка кабылган өлкөлөрүндө куткаруу иштери кызуу жүрүүдө. Четтен жардамдар келе баштады.

АКШ өз жардамын эки эсе көбөйтүп, нак акча түрүндө тезинен 35 миллион доллар ажыратаарын жарыялады. Кырсыкка кабылган мамлекеттерге өз жардамдарын Евробиримдик, Орусия, Австралия, Жапония жана башка бир катар өлкөлөр сунуш кылды.

БУУнун адистеринин эсебинде, келтирилген чыгым миллиарддаган долларды түзчүдөй.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү кырсык баскан чөлкөмдө жугуштуу оорулар тездик менен жайылып кетүүсүнө жол бербөө зарылдыгын эскертүүдө. Эгер эпидемия тарап кетсе, эл арасындагы оор жоготуу мындан да көбөйүшү ажеп эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG