Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Дарыгерлер жаңы жылды “Сергек жашоо жылы” деп атоону өтүнүшөт


БИШКЕК. Айылдардагы ден соолукту сактоочу комитеттердин ассоциациясы менен врачтардын ассоциациясы 2005-жылды Кыргызстанда сергек жашоо образынын жылы деп атоону сунуш кылып, президент, премьер-министрге кайрылды. «Жакырчылык жана аракечтик» деген долбоордун координатору Шайлообек Өмүралиевдин айтымында, өлкөдөгү эң кедей үй-бүлө жылына 7 миңден 11 миң сомго чейинки каражатты арак менен тамекиге сарптарын иликтөө көрсөткөн. Аракечтик менен тамеки тартуудан эркектердин жашы 62, аялдардыкы 67 жашка түшүп кетти. Ал эми кийинки 10 жылда ичимдик чыгаруунун көлөмү 3-4 эсеге өсүп, аракеч жаштардын саны көбөйдү.

XS
SM
MD
LG