Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Жаштардын “Мен-Кыргызстан” деген жыйыны өттү


БИШКЕК. 29-декабрда Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында “Мен-Кыргызстан” деген аталыштагы жаштардын акциясы өттү. Президент Аскар Акаевдин келечек муундарга карата кайрылуусун мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов окуп берди. Кайрылууда жаштарды Манастын жети осуятын тутууга, эгемендүү өлкөнүн туусун, гербин сыйлоого, өз мекенинин патриоту болууга үндөгөн. Жыйынга келген жаштар Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерди эскерип, ар түрдүү жанрдагы концерттик номерлерди тартуулашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG