Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Депутат башкы паспортчунун жоопко тартылышын талап кылды


БИШКЕК. Өлкөнүн мамлекеттик гербинин авторлору Маалымат технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Юрий Лысогоровго каршы сотко доо арыз беришет. Ал тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров үч комитеттин отурумунда билдирди. Анын айтымында, буга жаңы үлгүдөгү улуттук паспорттордо мамлекеттик гербдин сүрөтү менен түсү өзгөртүлүп басылгандыгы негиз берет. Депутат андан тышкары өзү депутат катары агенттиктин директору Юрий Лысогоровду кылмыш жообуна тартууну Башкы прокуратурадан талап кылып, жаңы үлгүдөгү паспортторго мамлекеттик гербдин сүрөтүнүн, түсүнүн бузулуп басылышын мамлекеттик башкы белгини маскаралап кордоо деп билдирди.

XS
SM
MD
LG