Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Атуулдук жана саясий, коомдук уюмдар бирикти


БИШКЕК. Алдыда болуучу парламенттик шайлоону эркин жана акыйкат өткөрүү үчүн Кыргызстандагы бир катар атуулдук жана коомдук-саясий уюмдар бирикти. Тутумуна 170 бейөкмөт уюм кирген Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы, “Улут ордо” тилектештиги,“Ата журт” коомдук-саясий кыймылы жана «Кыргызстан элдик кыймылы» “Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн” атуулдук тилектештигине бирикти. “Эркин жана акыйкат шайлоо үчүн” атуулдук тилектештигинин 2 миңден ашуун байкоочусу 27-февралда өтүүчү парламенттик шайлоого көзөмөл жүргүзөт.
Аталган тилектештик өлкөнүн атуулдарына кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “ар бир атуул Кыргызстандын басып өткөн жолуна калыс көз жүгүртүп, анын ийгиликтерин, кемчиликтерин акыйкат таразалоого милдеттүү” деп айтылат.

XS
SM
MD
LG