Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

Уулу “диний экстремист” деген жалаа менен соттолгон эненин арманы


Амирбек Усманов, Прага Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалыматы боюнча, Өзбекстанда 6 миңден ашуун ишеним жана абийир туткуну бар. Алардын көбү “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү же диний экстремист деп айыпталып соттолгон. Бейтарап байкоочулар менен укук коргоочулардын айтымында, динзарлар өкмөт көзөмөлүндөгү мечиттерден тыш жактарда диний ибадаттарды аткарышканы үчүн абакка салынган. Ыйман туткундарынын энелери жана зайыптары үй-бүлө камын жегенден тышкары, уул-күйөөлөрүн абактан бошотуу үчүн да жанын үрөп аракеттенүүгө мажбур.

-Үч келиним тең эч жерде иштешпейт. Алардын бирөө торт-морт жасап сатат. Калган экөө коңшулардын короосун шыпырып, кир-когун жууп жан багышат. Мен жалчыбаган пенсия алам: 17 миң сум.(17 доллар) Анын жарымын комуналдык тейлөөнү төлөбөгөнүм үчүн кармап калышат.

“Азаттыктын” кабарчысына арманын айтып, даттанган 57 жаштагы Саида апанын үч уулу тең камакта. Кенже эки уулу 1999-жылы Ташкенде болгон жардыруулардан кийин, туну болсо жазда Ташкенди жана Бухараны дүңгүрөткөн кандуу калабадан соң диний экстермист деп айыпталып, бардыгы 17 жылга кесилген.

Жазда улуу уулу жоголуп кеткенде, Сайида апа анын дарегин издеп, барбаган кеңсеси калган эмес. Үч аптадан кийин гана уулунун камакта экенин аныктаган.

Күч колдонуу органдарынын жарандарды үй-бүлөсүнө айтпай камап койуп, мыйзам бузуусу Өзбекстанда кеңири жайылган көрүнүшкө айланган. Адам укугу демилгеси бейөкмөт борборунун мүдүрү Сурат Икрамовдун кебине караганда:

-Адам укугун баарыдан мурда Ички иштер министрлиги, полиция жана прокурор бузат. Мыйзамга ылайык, кимдир бирөө кармалса, эки-үч сааттын ичинде анын ата-энеси же башка туугандарына кабар айтылууга тийиш. Андан кийин 3 күн же 72 саат аралыгында күмөн саналган иш такталып, шек түшкөн адамдын айбы аз да болсо ырасталса, ошондо гана камакка алуу жөнүндө өкүм чыгат.

Укук коргоочулардын ырасташынча, Сайида апага окшогон аялдардын көбү өз укуктарын билишпейт. Диний экстремист катары камалган жарандардын жакындарын, Сайида апа менен анын келиндери сыңары кара хижаб кийип жүрүшкөн аялдарды бийликтер жана иш берүүчүлөр жактыра беришпейт. Ошон үчүн алар чындык издеп, укук коргоочу уюмдарга кайрылышат. Сурат Икрамовдун айтымында:

-Абактагылардын энелери же зайыптары 99 процент учурда жардам сурап бизге кайрылышат. Көмөк сурап келгендерин ичинде түрмөдө жаткан адамдардын аталары же ага-инилери жокко эсе. Себеби, алар коркушат. Мен бир нече р кишиден сураганымда, алар коркконун ачык эле мойнуна алышкан. Алар бийликтер аялдарга эрекектерге караганда жумшак мамиле жасашат деп ойлошот.

Диний экстермист деген айып менен соттолгон жарандардын дээрлик баары мөөнөтүн толук отуруп чыгышат. 8-декбарь- Конституция күнүн утурлай президент Каримов мунапыс берген 9 миңдей адамдын тизмесине Сайида апанын “хизбут-тахрирчи” деп кесилген уулдары илинбеди:

-Менин балдарым камалгандан бери үч жолу мунапыс жарыяланды. Бир да уулума мунапыс берилбеди. Ички иштер министрлигине кайрылсам “уулдарыңыздын кылмышы оор болгондуктан, президенттен кечирим сурашы шарт” дешти. Алар жасабаган кылмышы үчүн кантип кечирим сурашат?

Сайида апа үчүн баарынан кыйыны, аталары тирүү түрүп, келечекке үмүтсүз карашкан неберелеринин суроосу:

-Алар өкмөттү жек көрүп чоңоюшууда. Алар менден аталары эмне үчүн абакта экенин сурашат. Бир күнү төрт жашар неберем: “Чоң эне, алар менин атамды түрмөдө кармашууда. Эми бизге эмне кылышмак болууда?” деп сурады. “Алар сага эч нерсе кылышпайт”, -десем, неберем:”Мен түрмөгө түшкөндү каалабайм,”- деди.
XS
SM
MD
LG