Кытайдын "Синхуа" маалымат агенттиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн мурдагы төрагасы Цзян Цемин азыркы кызматынан дагы чегинмей болду. Цзян ал тууралуу арыз жазды. Жалпы элдик курултай аны 5-мартта карайт. Төрагалык кызматтан Цзян 2002-жылдын ноябрында кеткен.Андан бери өлкөнүн Борбордук аскерий комиссиясын жетектеп келген.