Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Судан мамлекетинин Дарфур провинциясында жаңы кагылышуулар башталды


Африканын Судан мамлекетинин Дарфур провинциясына Бириккен Улуттар тарабынан гуманитардык жардам жиберүү бүгүн убактылуу токтотулду, анткени аймакта жаңы куралдуу кагылышуулар башталды. Түндүк Дарфурдун борбору Эл-Фашер жана Түштүк Дарфурдун борбору Ниала шаарларына жете албай азыр 1300 тонна жардам менен 70 жүк ташуучу машине токтоп турат. 19-декабрда ок атышууну токтотуу туралуу келишим түзүлгөн, бирок кагылышуулар баары бир чыгууда. Бир жарым жылдын ичинде Дарфурдагы коогалаңда 70 миңге жакын адам өлдү.

XS
SM
MD
LG