Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Багдад шаарындагы жарылуудан отузга жакын киши набыт кетти


Багдад шаарындагы жарылуудан отузга жакын киши набыт кетти. Ирактын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Хусаин Хиндави бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кайрылып, 30-январда өтө турган шайлоого байкоочу жиберүүнү сурады. Багдад шаарында болсо түндө бомба жарылгандан 28 адам набыт кетип, дагы жыйырма бештей адам жараат алды. Кимдир бирөө полицияга телефон чалып, кайсы бир үйдө ок атышуу жүрүп жатат деп билдирген, полиция келип, ал үйгө киргенде бомба жарылган. Кошуна эки үй дагы урап түштү. Кечээ күнү болсо ар башка кагылышуулардан өлкөдө 36 адам курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG