Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Митингке чыккандар Украина премьерин бүгүн өкмөт үйүнө киргизбей койду


26-декабрда өткөн президенттик шайлоодо утулган Украинанын премьер-министри Виктор Янукович шайлоо комиссиясына кечээ күнү арыз жолдоду. Анын айтымында, 225 шайлоо чөлкөмүндө орчундуу мыйзам бузуулар болгон. Бүгүн болсо Янукович өкмөт жыйынын өткөрөйүн дегенде, демонстрацияга чыккандар аны өкмөт үйүнө киргизбей койду, ал эми жыйын башка имаратта өттү. Декабрдын башында Украина парламенти Януковичке ишеним көрсөтпөөгө добуш берген, бирок президент Леонид Кучма аны кызматтан алган эмес.

XS
SM
MD
LG