Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Суу каптоодон каза тапкандардын саны 80 миңден ашты


Жекшемби күнү Түштүк чыгыш Азияда болгон суу каптоодон каза тапкандардын саны акыркы маалыматтар боюнча 80 миңден ашты. Индонезиянын бийликтеринин билдиргенине караганда бул өлкөдө көз жумгандардын катары 45 миңге жетти. Шри-Ланка, Индия жана Таиланддын өкмөттөрү дагы каза тапкандар көп экендигин кабарлап, жардам сурашууда. Кырсыктан кийин миңдеген туристтердин дайыны чыкпай жатат. Таиланддын премьер-министри Чаксин Шинаватра каза тапкандардын саны дагы көбөйөөрүн, анткени куткаруучулардын колу алыскы аралдарга жете электигин айтты:

– Биз таба турган өлүктөрдүн саны дагы эле көп. Ага убакыт керек. Анткени Пхукеттен түндүктөгү Кхао Лак аралына жеталбай жатабыз. Ал жакта телефон да, электр кубаты да жок. Биз аякка бейшембиде барабыз.

Көп өлкөлөр кырсыктан өздөрүнүн жарандары жапа чеккен жокпу деген суроого жооп издешип жатат. Швециянын жана Германиянын Таиландда эс алып жүргөн миңдей жарандарынын дайыны чыкпай жатат. Дүйнө мамлекеттери гуманитардык алааматты болтурбоо максатында Инди океанынын жээгиндеги мамлекеттерге жардам көрсөтүп жатышат. Кошмо Штаттары кырсыктын кесепеттерин жоюуга 35 миллион доллар бөлдү. Ал эми Улуу Британия менен Австралия биригип 30 миллионов доллар өлчөмүндө көмөк көрсөтүп жатат. Президент Жорж Буш кечээ Кошмо Штаттары жапа чеккендерге жардам көрсөтүү максатында Индия, Австралия жана Жапония менен алгоолошуп иштей тургандыгын айтты. Жапония баасы 40 миллион долларов турган дары-дармек, тамак-аштан жардам берип жатат.

XS
SM
MD
LG