Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:05

КРЫМ ТАТАРЛАРЫНЫН КӨБҮ ЮЩЕНКОНУ КОЛДОШТУ


Кубат Оторбаев, Прага Украинадагы президенттик шайлоо учурунда Крымдык татарлар дагы башка улуттар сыяктуу эле “Януковичти колдош керекпи же Ющенкого добуш берелиби” деген суроого баш катырышты. Өздөрүнүн автономиясын негиздөөнү көздөп келаткан крымдык татарлар үчүн мамлекеттин башына кимдин келиши алардын жашоо-турмушундагы олуттуу суроолордун бири. Крымдагы татарлар арасында мындай саясий маселелердин чечилишинде алардын лидери Мустафа Жамилевдин ролу чоң болду дешет талдоочулар.

Крымдын жалпы калкынын 12 процентин татарлар түзүшөт. Украинадагы акыркы шайлоодо алардын көпчүлүгү Виктор Ющенкого добуш беришти. Мындай бүтүмгө алар көпкө чейин ойлонуп туруп келишти. Анткени кимдин президент болушу алардын улуту үчүн өтө маанилүү маселелердин бири. Мустафа Жамилев - татарлардын өздөрү түзүп алган улуттук парламенттин – Мажлистин төрагасы. Ал өзүнүн улутташтарын бул ирет Ющенкого добуш берүүгө чакырды.

Дегеле Мустафа Жамилев сөз кылууга арзый турган адам. Ал өзүнүн чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ. Совет бийлиги тушунда Жамилев татарлардын укугун жана эркиндигин коргойм деп сүргүндө он беш жыл өмүрүн өткөргөн. Анын камакка алынып, соттолушу бүтүн дүйнө жүзүндө катуу нааразычылыктарды пайда кылган. 1976-жылы апрелде болгон анын сотуна белгилүү укук коргоочу, маркум Андрей Сахаров жубайы Елена Боннер менен барып, бирок алар сот залына киргизилген эмес.

Ал Франс-пресстин кабарчысына жакында берген интервьюсунда “биз бул шайлоодо Ющенкодон “бизге тигини жасап бер, муну жасап бер” деп суранган жокпуз, бизге Ющенконун демократиялык өзгөрүүлөргө даяр болуп турганы эле жетиштүү болду” деп айтты.

Ошонтсе да Жемилев Ющенко президент болгондон кийин татарлардын жашоо-турмушун оңдой турган чечимдерди кабыл алып, ал үчүн казынадан акча ажыратса деген пикирде турат.

Украинадагы 21-ноябрдагы шайлоодон кийин Киевдин борбордук аянтынан күндөп-түндөп кетпей, Виктор Ющенкого колдоосун билдиргендердин арасында Крымдан келген татарлар да көп болду. Алардын бири – Алуштагы татар жамаатынын жетекчиси Марс Шафиков. Ал шайлоонун экинчи турунда бийликтер мыйзам бузганын белгилеп, ошондон улам татарлардын көпчүлүгү Ющенкону колдой тургандыгын билдирди:

- Мыйзам бузуулар көп болду. Ошондуктан эл чечкиндүү турушат. Крым татарларын Киевде жакшы кабыл алышып, сыйлап жатышат. Биз үчүн Ющенко президент. Аны баары президент деп жатышат. Ющенко чындыгында эле татыктуу адам.

Марс Шафиковдун бул пикири крымдык татарлардын көпчүлүгүнүн оюн айтып тургансыйт.

Айтып койо турган нерсе - 60 жылдан бери Крым татарлары өз укуктары жана келечеги үчүн күрөшүп келатышат. Анткени Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда - так айтканда 1944-жылдын 18-майынан тартып совет бийлиги татарларды Крымдан сүрүп чыгарып, Сибирге жана Орто Азияга күчтөп көчүргөн. Бөтөн эл, бөтөн жерде күн өткөргөн татарлар эми кайрадан мурдагы жашоо-турмуштарын калыбына келтирип, өздөрүнүн маданий-саясий статусун бекемдөөгө жана укуктарын коргоого аракет жасап жаткан убак. Азыр алар Крымда татар тилин украин тилине катар ырасмий тил кылуунун аракетин жасашууда. Мындан тышкары татарлар Украин бийлигинен өздөрүнүн 1944-жылга чейинки жерлерин кайрып берүүнү, жер-суу, айыл аттарын кайра мурдагыдай татарча атоону талап кылышууда.

Буга Крымда жашаган орустар макул эмес. Ошондон улам алар Орусия менен ысык мамиледе болууну каалаган Януковичти президенттик шайлоодо колдоого алышты. Янукович болсо орус тилин Украинада экинчи ырасмий тил кылууга сөз берген эле.

Бул маселеге 61 жаштагы Мустафа Жамилевдин өз пикири бар. Ал “Крымга көчүп келген орустар көп, ошондуктан алар өз мекенине кошулууну, Крымды Орусиянын амирине баш ийдирүүнү каалап турушат” дейт.

Сыртынан профессорго окшогон арыкчырай, жапалдаш бойлуу, сыйда мурутчан Мустафа Жамилевдин татарлар арасында кадыр-баркы чоң болгону менен анын да оппоненттери жок эмес. Мисалы айрым татарлар Ющенкого каршы добуш беришти. Мындан тышкары Жамилев татарлар коомун өзү жалгыз бийлеп алганын туура көрбөгөндөр да бар.

Мисалы Жамилевди сынга алгандар ал мурда президент Лоенид Кучманы жана анын айланасындагыларды пайдаланып, өзүнүн жеке иштерин бүтүргөн, так айтканда, казынадан бөлүнгөн акчаны максатсыз пайланган деп кинелешет.

1997-жылы Жамилев башкарган Межлиске татарлардын маданий үйү боло турган имарат курууга деп бир миллиондой доллар акча бөлүнгөн. Ал каражаттын да кандай колдонулганы көп сын-пикирлерди туудурган.

"Акыркы он жылда ал өзүн-өзү дискредитация кылып бүттү" дейт Крым татарлардын улуттук кыймылынын өкүлү Гомер Баев. Анын пикиринде Жамилев башкарган Межлис Крымдын улуттук автономиясын калыбына келтирүүнүн ордуна башка иштерге алаксып жатат. Гомер Баевдин өзү крым татарларынын укуктарын коргойм деп жатып советтик бийликтин каарына калган жана 1968-жылы камакка алынып, 2 жылга соттолгон.

Мустафа Жамилев өзүнүн дарегине айталган буга окшогон кинелерди четке кагат. Анын пикиринде Межлис мамлекеттен деле жыргатып акча албайт. “Биз өз улутташтарыбыздын көңүлүнөн чыккан анча-мынча тыйынга жансактап жатабыз” дейт Крым татарларынын лидери.
XS
SM
MD
LG