Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

2004-ЖЫЛДАГЫ ОРУС САЯСАТЫНЫН УТУЛУШТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва. Аяктап калган 2004-жыл Орусиянын тышкы саясатында ийгиликсиз жыл болду. Бул жергиликтүү эксперттердин пикири.

Айрым байкоочулар 2004-жылды «улуу бурулуштардын жылы» деп аташууда. Мындай ойдо тургандардын катарында, мисалы, акыркы кездери Кремлдин чечимдерин катуу сынга ала баштаган президенттин кеңешчиси Андрей Илларионов да бар.

- 1917-жылга чейин Орусия биринчи дүйнөнүн бөлүгү болуп келди. Советтер Союзунун 70 жылдык мөөнөтү ичинде Орусия биринчи дүйнөгө альтернатива катарында экинчи дүйнөнү түзүүгө аракет жасады, бирок бул аракет толугу менен күчсүздүгүн көрсөттү. Биз «кансыз согушта» жеңилдик - экинчи дүйнө кыйрады. Бирок бизде же биринчи дүйнөгө, же үчүнчү дүйнөгө кошулуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Акыркы 13 жыл ичинде өлкөдө көпчүлүк мамлекеттин биринчи дүйнөгө кайра кошулуусу үчүн аракет жасады. Бирок биз өзүбүздү акыр аягында үчүнчү дүйнөгө кошуп алдык жана тандоо мезгили эчак эле өтүп кетти. Азыр биз башкача экономикалык жана саясий моделдеги өлкөдө жашайбыз, - дейт президенттин кеңешчиси Андрей Илларионов.

Президенттин кеңешчиси айткан пикирди «Стратегиялык анализ борборунун» директору, политолог Андрей Пионтковский колдой тургандыгын айтып, бул жылды «ийгиликсиз мезгилдин» катарына кошту.

- Мен үчүн да бул жылдын башкы окуясы - Бесландагы трагедия болду. Ал туюкка камалган Түндүк Кавказдагы жалпы эле орус саясатынын жүзүн көрсөткөн жагдай болду. Биздин бир канча жүздөгөн балдарыбызды өлтүрүп кетишсе, биз ага жооп катарында губернаторлорду шайлоодон баш тартууну чечтик. Бул – ошол трагедиялуу окуяга карата биздин бийликтин жообу. Ал башкаруу режиминин аргасыздыгын жана адепсиздигин көрсөттү. Президенттин администрациясы президенттик бийликти күчөтүү үчүн мурдатан иштелип келген планын трагедияга шилтеме жасоо менен ишке ашырууга аракет кылды. Ал эми тышкы саясаттагы негизги утулуш катарында Украинадагы шайлоону айтмакмын. Бул жөн гана техникалык ката эмес, Орусиянын жалпы эле постсоветтик мейкиндикте жүргүзгөн саясатын такыр жокко чыгарган факт. Биз шериктеш мамлекеттерге басым жасоо саясатыбызды токтотуп, алар менен тең укуктуу кызматташтыкты жүргүзүшүбүз керек. А эгерде режим тууралуу эмес, Орусия туралуу сүйлөсөк, анда Украинадагы демократиялык төңкөрүштүн мисалы Орусиядагы саясий жараяндарга өзүнүн оң таасирин тизгизет деп ойлойм, - дейт москвалык белгилүү политолог Андрей Пионтковский.
Негизи, өтүп бараткан жылдын башкы окуялары катарында эсперттер Путиндин экинчи мөөнөткө кайра президент болуп шайланышын, Беслан окуяларын жана Украинадагы шайлоону айтышты.

«Карнеги» корунун өкүлү, политолог, тарых илимдеринин доктору Лилия Шевцова ошол окуялардын баары бири-бири менен тыгыз байланышта өнүккөндүгүн, баары Путин экинчи ирет президенттикке шайлангандан кийин курчуй баштагандыгын айтат. Анын пикиринде, Путин биринчи президенттик мөөнөтүндө өзүн ар тараптуу ойлонгон башкаруучу катарында саясатта либералдуу позицияны карманууга аракет кылды, бирок бул каалоо көпкө уланган жок.

- Путин баарын өзүнүн айланасына топтоп, элдин башын бириктирүүгө аракет жасады. Бирок анын биринчи президенттик мөөнөтүнүн чыныгы мааниси саясий майданда «тазалоо» ишин баштоо болгон. Чындыкты угууга аракет кылган коомдун бир бөлүгү ошондо эле президенттен баш тарткан, - дейт политолог Лилия Шевцова.

Анткен менен, аяктап бараткан жылда орус президенти тышкы саясатта да, ички саясатта да ири жетишкендиктерди жаратты дегендер да аз эмес.

XS
SM
MD
LG