Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

ТҮШТҮК-ЧЫГЫШ АЗИЯДАГЫ КЫРСЫКТАН УЛАМ ЭПИДЕМИЯЛАР БАШТАЛЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 26-декабрда Түштүк-Чыгыш Азиядаus кырсыктан 100 миңден ашуун адам курман болду, бирок доктурлардын айтымында, өлгөндөрдүн саны дагы бир топ көбөйүшү мүмкүн, анткени ар башка оорулардын эпидемиялары тарап кетет деген коркунуч бар.

Жер титирөө деңиз түбүндө болгондуктан, андан абдан чоң толкун жаралган жана ал толкун миңдеген чакырым алыстыкка жетип, жээктеги көптөгөн курорт жана шаар-кыштактарды кыйратып кетти. Үйлөр менен кошо канализация жана таштандылар жайлары дагы бузулгандыктан, эксперттер эми эпидемиялар башталышы мүмкүн деп коркот.

Кээ бир доктурлардын айтымында, ар башка оорулардан өлгөндөрдүн саны толкундун өзүнөн курман болгондордун санына жетиши мүмкүн, демек жалпы чыгаша 200 миңге жетет деген да коркунуч турат.

Андан тышкары, өлгөндөрдүн денелерин дагы тез арада жерге көмүү керек, антпегенде туберкулез, гепатит жана СПИД ооруларынын жайылып кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Булганч суудан болсо безгек, уваба жана башка жугуштуу оорулар тарашы мүмкүн.

Кырсык - эл өтө жыш жашаган аймакта болгону мындай эпидемиялардын коркунучун ого бетер жогорулатууда. Эң негизги маселе болсо тазалыкка келип такалууда жана эгер сыртка чыккан таштандылар менен калдыктарды тазалоо иштери туура жана тез жүргүзүлсө, чыгашаларды бир кыйла азайтуу мүмкүн.

Бириккен Улуттардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Оливер Розенбауэрдин айтымында, санитардык тазалыкты камсыз кылуу азыр чечүүчү маселеге айланууда:

"Үч миллиондон беш миллионго чейин адам үйсүз калды, алар азыр убактылуу жайларда топтолуп баш калкалоодо, ал жерлерде санитардык инфраструктура жогорку сапатта болоору күмөн, ошондуктан ар башка жугуштуу оорулардын тарап кетүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору".

Кырсык болгон аймактан чыгып, дүйнөнүн башка региондоруна барган адамдар дагы андай ооруларды таратышы мүмкүн жана маселе кайрадан эле тазалыкка келип такалат. Эгер ал жердеги санитардык абал жакшы болсо, жугуштуу оорулардын тароо аймагы ылдам эле чектелет.

Оору ченелүү сандагы адамга гана жугат. Розенбауэрдин айтымында, өлүктөрдөн чыккан коркунучту дагы чектөө мүмкүн:

"Өлгөндөрдүн денелеринин өзүнөн коркунуч өтө деле көп эмес, денедеги микробдор жана башка жугуштуу патогендер ылдам эле өлө баштайт. Өлүктөрдү көмгөндөр, албетте, өтө этият болууга тийиш, бирок жалпы коомчулукка алардан өтө деле чоң коркунуч чыкпайт".

Ошол эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкери Дэвид Набарронун айтымында, кеңири эпидемия чыгаар-чыкпасы келерки эки-үч аптанын ичинде айкын болот, бул убакыттын аралыгында жапа чеккен аймактарга жетиштүү ченемде таза суу, азык-түлүк, туалет жана башка керектүү нерселер жеткирилсе, жугуштуу оорулардын жайылышын токтотуу мүмкүн.

Бириккен Улуттардын жетекчилиги алдында көптөгөн дүйнө өлкөлөрү жана эл аралык уюмдар Түштүк-Чыгыш Азияга жардам жөнөтө баштады. Чогултулган жардамдын жалпы көлөмү 220 миллионго жетти, анын ичинде 35 миллион долларды АКШ өкмөтү бөлдү.

Бириккен Улуттардын баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Ян Игланддын айтымында болсо, жалпы чыгым бир нече миллирад долларга жетиши мүмкүн.

(Photo - AP. Kerala, India. 29.12.2004 ).
XS
SM
MD
LG