Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:14

2005-жылы Кыргызстанда табигый кырсыктардын көп болушу болжолдонууда


БИШКЕК. Кийинки жылы Кыргызстандын аймагында жер көчкүлөрдүн көп болушу күтүлүүдө. Өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында, Ош облусунун Каракулжа, Өзгөн жана Карасуу райондорунда, Жалалабад облусунун Аксы районунда жер көчкүлөр болот деп болжолдонууда. Ал эми Талас облусунда жер астындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жана божомолдоо Департаментинен билдирди. Департамент тарабынан өлкөдө 2005-жылы күтүлүп жаткан табигый кырсыктар боюнча болжолду планы январь айында өкмөткө, облус губернаторлоруна, райондук администрация жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына жиберилет. 2004-жылы Кыргызстанда 168 табигый кырсык катталып, анын натыйжасында 105 адам өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG