Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:08

Айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы 49 ишкана сыйланды


БИШКЕК. 29-декабрда премьер-министр Николай Танаев өлкөдөгү айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы ишкана жетекчилерин кабыл алып, 49 ишканага продукциясынын сапаты үчүн сыйлыктарды тапшырды. Жыл башында продукциянын сапаты боюнча жарыяланган сынакка 101 ишкандан катышкан. Алардын ичинде «Шоро» акционердик коому, «Таттуу», «Ак-Алтын», «Ак-Жалга» жана башка акционердик коомдор бар. Кыргызстанда чыгарган продукциянын сапаты боюнча сыйлыктар жети жылдан бери тапшырылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG