Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Президент А. Акаев Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө көңүл айтуу жолдоду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнүн – Индиянын, Шри-Ланканын, Таиланд, Малайзия, Мальдивдин өкмөттөрүнө табигый алааматка байланыштуу көңүл айтуу жолдоду. Ал эми Кыргызстандын Индиядагы элчилиги Индиянын жана Шри-Ланканын өкмөттөрүнө расмий көңүл айтты. Элчилик ошондой эле Шри-Ланканын Делидеги элчилигине жана Индияда түзүлгөн Жардам көрсөтүү фондуна дары-дармектерди жана акча каражатын тапшырды. Соңку маалыматтар боюнча Түштүк-чыгыш Азияда жана Африкада орун алган жер титирөөнүн жана Инди океанынын зилзаладан улам чыккан кубаттуу ташкынынын айынан курман болгондор саны 80 миңден ашты. Дүйнө өлкөлөрү Түштүк Азияда жекшемби күнү болгон цунамиде үй-жайсыз калган миңдеген адамдарды гуманитардык жардам менен камсыздашууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG