Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Израилдин куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан тогуз палестин каза тапты


30-декабрда Газа секторундагы качкындардын Хан-Юнис лагеринде Израилдин куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан тогуз палестин каза тапты. Алардын төртөө ХАМАСтын жана “Аль-Аксанын азапкерлери” тобунун мүчөлөрү экендиги кабарланды. Бир өспүрүм катуу жарадар болгондугу айтылууда. Бул чабуулду жөөттөрдүн аскерий чиновниктери коргонуу үчүн жасадык деп жатышат. Палестиндер 9-январда шайлоо өткөрүшүп, ноябрда каза болгон Ясир Арафаттын ордуна лидерин тандашат.

Ал арада болсо Израилдин өзүндө улуттук биримдик өкмөтүн түзүү боюнча келишим түзүлдү. Премьер-министр Ариэль Шарондун айтымында оппозициялык Эмгек партиясынын лидери Шимон Перес вице-премьерлик кызматка макулдугун берди. Жаңы өкмөттүн курамы кийинки аптада жарыяланат. Оппозия менен бир өкмөт түзүү аркылуу Ариэль Шарон жөөттөрдү Палестиндердин аймагынан чыгарып кетүү боюнча планын турмушка ашырууга мүмкүнчүлүк алат.

Дүйнөдөгү соңку эларалык жаңылыктарды Кубат Оторбаев Прагадан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG