Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Украинанын Жогорку соту Януковичтин арызын кароодон баш тартты


Украинанын Жогорку соту жана Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Виктор Януковичтин 26-декабрдагы шайлоодо мыйзам бузуулар болду деген арызын кароодон баш тартты. БШКнын өкүлүнүн айтымында Янукович өзүнүн жүйөлөрүн негиздүү келтире алган эмес. Бирок ал шайлоонун жыйынтыктары ырасмий жарыяланганга чейин Жогорку сотко арыздана берүүсүн формалдуу түрдө уланта алат.

Янукович журналисттерге азырынча премьер-министрлик кызматтан кетейин деген ниети жоктугун билдирди. Украинанын мыйзамдары боюнча өкмөт башчы кызматтан кетиш үчүн президент Кучма жарлык чыгарыш керек.

Ал эми шайлодо жеңүүчү деп табылып жаткан Виктор Ющенко премьер-министрликке Юлия Тимощенко, Александр Мороз, Петр Порошенко жана Анатолий Кинах татыктуу экендигин билдирди.

Айтмакчы, 31-декабрда Украинага Ющенконун чакыруусу менен Грузин президенти Михаил Саакашвили келет. Ал жаңы жылды Виктор Ющенко жана украиндер менен чогуу тосмокчу. Өз элин жаңы жыл менен Грузин президенти Киевден түз эфир аркылуу телекөрсөтүүдөн куттуктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG