Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

1-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча 1-январда Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Республика боюнча абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, түндүк тарабында -9…-14 градус суук болот. Күндүз 0…+5 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн -7…-12 градус суук, күндүз –1 градус сууктан +4 градуска жылуу
Ал эми ЫСЫККӨЛ, ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук болсо күндүз 0…+5 градуска жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7 градус суук.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз +2…+4 градус жылуу
Күндүн узактыгы 9 саат 04 мүнөт.

Кабарлар топтомун Айданбек Ташкенбаев жана областтык кабарчылар даярдады.
Редактору Султан РАЕВ

XS
SM
MD
LG