Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Виктор Янукович премьер-министрликтен кетти


Жаңы жылды 100 миңдей украиндер Киевдин Эркиндик аянтында жаңы президенти Виктор Ющенко жана Грузин президенти Михаил Саакашвили менен чогуу тосушту. 2003-жылы ноябрда “роза ыңкылабынын” аркасында бийликке келген Саакашвили Украинадагы шайлоону Ющенконун утуп чыгышын “адилеттиктин арамдыкты жеңиши” катары баалады.

– Европанын келечеги ушул аянтта чечилди. Жакшылык жамандыкты жеңди. Сиздер “роза ыңкылабы” учурунда биз башыбыздан кечирген бактылуу мүнөттөрдү эсибизге кайра салдыңыздар. Биз - грузиндер силер менен сыймыктанабыз, - деди Саакашвили украин тилинде.

Жаңы жылдын алдыңкы күнү болсо Виктор Янукович премьер-министрлик кызматтан кетти, бирок ал саясатта кала берээрин телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө айтты:

– Мен саясатта кала берем жана 21-ноябрдагы шайлоону жеңген адам катары эми мындан ары эркин саясатчы катары аракеттенем. Командам менен эми мен саясатта да, жөн жай турмушта да мыйзамга гана таянып иштейбиз.

Ал дале болсо шайлоодо утулганын мойнуна албай, Жогорку сотко арыздануусун улантып жатат. Ал арада Виктор Ющенко премьер-министрликке татыктуу төрт адамдын аттарын атады. Алар - Юлия Тимощенко, Петр Порошенко, Александр Мороз жана Анатолий Кинах.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG