Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

2-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 2-январда Кыргызстанда ала булут каптап турат, түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн –5…-10 градус суук, күндүз –3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн –6…-11, күндүз 0…-5 градус суук.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн –2…-7 градус суук, күндүз –1 градус сууктан +4 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛ облусунда түнкүсүн –2…-7 градус суук, күндүз –2 градус сууктан +3 гардуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –11…-16, күндүз –5…-10 градус суук.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн –6…-8, күндүз 0…-2 градус суук.

Кабарларды Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

Редактор Султан Раев

XS
SM
MD
LG