Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

1-январдын таңында Карасуу районуна караштуу Төлөйкан айыл өкмөтүндө жарылуу болду


ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын штаб жетекчиси Даут Кимсановдон алынган маалыматка караганда, үйдүн дарбазасынын алдына белгисиз адамдар тарабанына ташталып кеткен кара баштыктагы кандайдыр бир зат жарылган. Анын натыйжасында баштыкты текшерүүгө аракет кылган үй ээси 1929-жылы туулган Хаби Адуллаев оор жарат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилди. Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөчүлөр жабырлануучу Хаби Абдуллаевдин уулу Хизматтулла Абдуллаевдин ишкер чөйрөсүндөгү атаандаштарынын колу менен жасалган иш болушу мүмкүн деген божомолдун арты менен иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлери учурда жардырылган заттын курамын жана технологиясын аныктоо үчүн материалдар атайын лабораторияда текшерилип жаткандыгын билдиришти. Ал эми Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгери Токтоболот Абдымомунов жабырлануучу Хаби Абдуллаевге хирургиялык операция жасалгандыгын жана анын абалы учурда канааттандырарлык экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG