Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

ОРУСИЯНЫН ЖАҢЫ МЫЙЗАМДАРЫ ЖАНА ЭЛ


Муса Мураталиев, Москва Кийинки убакта президент Владимир Путиндин колу коюлуп бекиген жаңы мыйзамдар эсеби улам артууда. Айрыкча социалдык реформа боюнча кабыл алынган мыйзам либералдык жолго өтүүнү самап тургандарды катуу чочутуп салды дешет. Ошого карабай Путиндин реформасы кулачын кенен жайып баратканын айтышат. Орусиялык анализчилер баамында мындай жагдай акыры келип өлкөдө пайда болгон авторитардык режимдин башын жечү фактор.

Орусияда азыр он күндүк майрам. Жакшы жери иштегендерге бул күндөр үчүн айлыгы төлөнөт. Кеткен жылы президент демилге көтөрүп кабыл алдырткан жоон топ мыйзамдар бири ушул. Кай бир саясий төбөлдөр Путин бийликте турган беш жыл ичи телчий элек демократияны жөлөп-таяп торолтуунун ордуна улам кодулап атып аны ордунан тургуc кылып салды дешет. Мамдуманын депутаты Владимир Рыжков:

2004 жылы ачык эле демократияга каршы келген, негизги мыйзамга каршы келген бир нече мыйзам кабыл алынды. Референдум боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам арибине ылайык эми Орусияда референдум өткөрүүгө тыюу салынат, - дейт Рыжков мырза.

Ал мыйзамдар арасында Путин элге чындап жакшылык кылайын деп кабыл алдырткан социалдык топтогу мыйзамдар бар. Алардын ичинен кары-картаң кишилер дарылануусу, унаа менен жүрүүсү үчүн берилет деген жеңилдик иш жүзүндө аларды теске салуучу чиновниктер ичип-жеөсүнүн кесепетинен пенсионерлерди кайра каңтаруу болуп атканы көп кеп болууда. Анын себебин социалогиялык изилдөө борборунун жетекчиси Евгений Гандмахер мындайча чечмелейт:

Болуптур, (реформа – ММ) ийгилик менен эле аяктасын дейли. Бирок ал мүдөөнү коомчулукка жеткирүү, мыйзамдын арибин талкуулоодо бийликтегилер одоно каталар кетирип элди ошолор болуп көрбөгөндөй чочутуп салды, - дейт ал.

Рыжков мырза айткан өлкөнүн Коституциясына каршы келген мыйзамдар: Мамдуманын шайланышы боюнча мыйзам, бир мандаттуу округдардан депутаттын шайланбашы, партиялар үчүн өткөөл деңгээлинин 7 пайызга дейре көтөрүлүшү экен. Ошондой эле губернаторлордун мындан ары шайланбай Кремль бийлиги тараптан дайындалып калышы болду дешүүдө. Баса, губернаторлорду дайындоону жер-жерлердеги азыркы акимдер дээрлик колдоого алышты. Ошого карабай жер-жерлердеги бийлик Кремлге баш ийип берди деш эрте дешет. Андай пикирди, маселен, “Меркатор” анализдөө борборунун жетекчиси Дмитрий Орешкин айтты:

Кайра региондордогу нагыз бийлик, анын чындап жүргүзгөн ишмердиги борборго баш ийбөчү болот. Ачыгын айтканда, ар бир губернатор түйүлүү муштуму чөнтөгүндө болгону менен ал (Кремлге – ММ) ызалангандан улам түйүлүү болот, - дейт ал.

Мындай пикирге кошулгандар бири Минтимер Шаймиев – Татарстан президенти болууда. ЛДПР жетекчилеринин бири Алексей Митрофанов айтканга караганда:

Мамдуманын келерки шайланышы жаңы кабыл алынган мыйзам арибине ылайык эки партиялуу түзүүштө өтөт. Биринчиси президенттик партия болот жана экинчи партияга оппозициячыл болуу ролу тапшырылат.

Көзкарандысыз шайлоо институтунун президенти Александр Иванченко болсо:

Орусиядагы шайлоо боюнча кабыл алынганы аткан жаңы мыйзам – бир партиялуу системанын калыптанып бүтүшү болот, - деп эсептейт
XS
SM
MD
LG