Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Кыргызстанда паспорт алмаштыруунун зарылчылыгы эмнеде?


БИШКЕК. Кыргызстандын 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттору эл аралык талаптарга жооп бербейт жана эртеби-кечпи Кыргызстанда паспорт алмаштыруу зарыл. Мындай пикирин «Азаттыктын» кабарчысына Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов билдирди. Анын айтымына караганда аткаруу бийлиги паспортту алмаштырууга башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өтүнүчү боюнча барууга аргасыз болот.

Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары 2004-жылдын 31-декабрындагы отурумунда жаңы паспортко улуттук гербди тартууда бир катар катачылыктар кетирилгендигин аныктаган. Ошондой эле алар Кыргызстандын аткаруу бийлиги жарандарды паспорт менен камсыз кылууда бир катар мыйзамсыз аракеттерге жол бергендигине байланыштуу атуулдарга жаңы паспорт берүүнү токтотуп, жакынкы күндөрү кыргызстандыктарга 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүүнү баштоо тууралуу токтом кабыл алды.

XS
SM
MD
LG