Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Кыргызстан элдик кыймылына кирген партиялар курултайларын өткөрүштү


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылына кирген тогуз саясий партия соңку жарым ай ичинде өз алдынча курултай өткөрүшүп, келээрки парламенттик шайлоого көрсөтүлө турган талапкерлердин аты жөнүн такташты. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Досбол Нур уулу 2-январда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымына караганда, келээрки аптада кыймылдын саясий кеңешинин отуруму өткөрүлөт. Анда жалпы кыймылга кирген партиялардан көрсөтүлө турган талапкерлердин аты жөнү дагы бир жолу такталып, маалымат каражаттарына жарыяланат. Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык ар бир атуул парлменттик шайлоого кайсы бир партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү менен катыша алат.

XS
SM
MD
LG