Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Социал-демократиялык партиясынын Ысыккөл облусундагы бөлүмү билдирүү таратты.


КАРАКОЛ. Социал-демократиялык саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Догдурбай Мусабековдун айтымында, ушул жылдын 27-февралындагы парламенттик шайлоо мыйзам чегинде адилеттүү жана калыс өтөөрүнө шек санала баштады. Анткени, жергиликтүү бийлик мекеме-уюмдарынын айрым жетекчилерине, массалык маалымат каражаттарынын кээ бир өкүлдөрүнө, оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын таламын талашкан талапкерлерге каршы иштейсиңер, эгерде алар тарапка ооп кетсеңер тагдырыңарды оңой эле чечип коёбуз, деген өңдүү коркутуп-үркүтүүлөргө жол беришүүдө. Элди жикке бөлүү бийликтегилер тарабынан болууда. Ошондуктан аталган партиянын жер-жерлердеги бардык мүчөлөрү жикке бөлүүнүүчүлүк мындай аракеттерге жол бербөө, ошондой эле парламенттик шайлоонун калыс жана тынч өтүшү үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз, дейт Догдурбай Мусабеков.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG