Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Байкоочулар даярдалат


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун 3-январдагы билдирүүсүнө караганда, коалция келерки жумадан тартып, узак мөөнөттүү байкоочуларды даярдоого киришет. Жалпысынан 120 байкоочу атайын окуудан өткөрүлмөкчү. Алар бир мандаттуу 75 шайлоо округунун 60ында иш жүргүзөт. Өлкөнүн түндүк облустары үчүн узак мөөнөттүү байкоочуларды даярдоо Бишкекте өткөрүлсө, түштүк облустар үчүн Ош шаарында өткөрүлмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG