Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Ооганстанда буктурмадан кол салууда бир америкалык аскер окко учту


Чыгыш Ооганстанда бүгүн эртең мененки кол салууда дагы үч аскер жаракат алды. АКШ армиясынын маалымат катчысы майор Марк Маккэндин айтымында, Кунар провинциясынын Асадабад шаарына жакын жерде колго жасалган эки бомба жарылгандан кийин, куралчандар америкалык аскерлерди аткылашкан. Бул - акыркы эки күндөгү АКШ армиясынын экинчи жоготуусу. Кечээ америкалык аскерлер Батыш Ооганстанда тинтүү жүргүзүп жатканда куралчандар менен кагылышып, жергиликтүү кол башчы менен катар, бир америкалык аскер курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG