Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

КӨЗҮ АЗИЗ СОКУР АДАМ КӨРӨБҮ? ЖЕ ТУЯБЫ?


Амирбек Усманов, Прага Британ нейрологу Алан Пегна жасаган илимий ачылышка караганда, сокур адам башка бирөөлөрдүн жүзүндөгү эмоцияны туюп, “көрө алат”. Доктурлар сокур адамга күлүп-жайнап, ачууланып жана коркуп турган кишилердин сүрөтүн көрсөткөндө, мээнин көз менен байланышы жок амигдала деген бөлүгү сүрөттөгү адамдардын жүзүндөгү маанайды туйган. Бул ачылыш, илимпоздордун ырасташынча, амигдала аңдап-билбей иштей турганын күбөлөгөн буга чейинки илимий изилдөөлөрдү дагы бекемдеп, ырастайт.

Амигдала мээнин эмоция жана эс тутум менен байланышкан бөлүгү. Адам башка бирөөнүн каарданган, үрөйү учкан, кайгыга толгон же кубанчтуу жүзүн көргөндө, амигдала жанданып, кыймылга кирээрин Нью-Йорк жана Стэнфорд университеттеринде мурда өткөрүлгөн изилдөөлөр ырастаган.

Уэлстеги Британ университетинин башкы нейрологу Алан Пегна көзү сокур адам- көзү соо адам сыңары- башка бирөөнүн жүзүндөгү эмоцияны туярын илимий түрдө далилдеди. Пегна жетектеген топ көзү такыр эле көрбөгөн адамга түрдүү маанайдагы адамдардын сүрөтүн көрсөткөндө, ал 60 процент учурда сүрөттөгү адамдардын абалын аңдап биле алган.
Доктор Пегнанын изилдөө өткөрүлгөн кеселге берген мүнөздөмөсү:

– Бу киши мээсинин көрүү процесси жүрүүчү бөлүгүндө кан агып кеткенден улам көрбөй калган.Ал башка сокурлар сыяктуу ак калай чаканы тегеренип өтөт.Көзү көрбөгөндөн улам бардык заттар ага кара түстө көрүнөт. Бирок, анын чыныгы көзү-кареги жана аны мээ менен туташытырган нерви бүтүн.

Бирок, кеселге сүрөт көрсөтүлгөндө анын амагдиласы козголуп- жанданганы менен, мээсинин көрүүгө жооптуу бөлүгү кыймылсыз кала берген.

Доктор Алан Пегна өзү жасаган ачылышты жамындыкты эртелеп эскертчү “аң сезимдин тереңиндеги туюм” болушу мүмкүн деп түкшүмөл кылат:

– Организмде болгон эмоцияны мээге өтө тез сезилет. Эгер сиз токойдо жүрүп, жолуңузда жылан болсо, мээде кандайдыр бир туюм жаралып, жыланга тез реакция жасайт. Сиз жыланды көргөндөн мурда мээде аны эскерткен өтө татаал бир кубулуш жүрөт.

Алан Пегнанын ачылышынын мааниси тууралуу Гильдфорд шаарындагы Сюррей университетинин психология мугалими, доктор Симон Унгар мындай пикирде:

– Бул чакан изилдөө сокур адамдар обьекти тааный билгенин ырастаган мурдакы изилдөөлөр менен көзү кадыресе соо адамдар ортосундагы боштукту толуктайт. Ошентип, көзү азиз адамдардын мээсинин көрүүчү кыртышы иштебейт. Бирок, сокур адамдардын мээсинин амигдаласына таасир эткенден улам, алар башка бирөөлөрдүн эмоциясын кыйналып жатып болсо дагы сезишет өңдөнөт.

Айрым маалымат булактары Алан Пегнанын ачылышын адамдардын “алтынчы туюму” деп аташты. Мындай атоого доктор Пегна каршы:

– Бул мен үчүн алтынчы сезим эмес. Муну мен көрчүүчү сезим деп билем. Мындай айрымачылык сезимдеги көрүү боло албайт. Бул мээнин сезип-туйуу жок туруп эле тез жооп берүүчү бөлүгүндө жүрчү кубулуш экенин кайталап айтам. Бирок, ал көз көргөн маалыматка таянат.

Алан Пегна эми өз изилдөөсүн башка кеселдер менен жүргүзүп, алгачкы экспериментти да тереңдетүүнү мерчем кылууда. Атап айтканда, кеселдерге түрдүү маанайдагы адамдардын жүзүнөн башка да алар туя алчу заттарды көрсөтөт же түрдүү шартта жана жагдайдагы алардын туя билүүсүн текшерип көрмөкчү болууда. Изилдөө “Амигдала аң-сезимдин түпкүрүндөгү эскертүүчү же сырткы коркунучту туюнтуучу системабы?” деген суроого жооп бериши керек. Доктор Алан Пегна изилдөөнүн келечеги жөнүндө:

–Келечекте биз кандай кортундуга келээрибизди мен билбейм. Бирок, биз мээни изилдеген кезде, субьективдүү жагдайга катар эмоциянын таасир боюнча да эксперимент жүрүгүзүшүбүздү мен каалайт элем. Муну мен абдан маанилүү багыт деп эсептейм.

Илимпоздордун айтымында, мээнин адамга белгисиз толгон-токой купуя сырлары бар экенин, көзү азиз адамдардын башка бирөөнүн жүзүндөгү эмоцияны туя билүүсү дагы бир ирет күбөлөйт.
XS
SM
MD
LG