Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

2004 -ЖЫЛ ЖАКШЫ БОЛДУ: 2005-ЖЫЛЧЫ?..


Сапар Орозбаков, Бишкек Өткөн 2004-жылдын жыйынтыгы рамсий түрдө чыгарыла элек. Ошого карабай өкмөт да, эл аралык финансы уюмдарынын адистери да 2004-жыл Кыргызстан үчүн жакшы жыл болгондугун айтып жатат. 2005-жыл кандай болот? Буга алардын божомолдору кандай?

Улуттук статистикалык комитет 2004- жылдын көрсөткүчтөрүн азыр эсептеп бүтө элек. Бирок , ага карабай бийликтегилер өткөн жылы ички дүӈ продукциянын өсүш темпи 7% тегерегинде болду дешүүдө. Алардын айтымында, Кумтөр алтын кени ишке киргизилен 1996-1997- жылдардагы өсүштү эске албаганда, бул акыркы 4-5 жыл ичиндеги эӈ жогорку көрсөткүч. Бийликтегилер да, эл аралык финансы уюмдардын адистери да, бул жетишкендиктер быйыл дагы уланып, 2005-жыл негизинен жакшы жыл болот деп болжолдоп жатышат:
-2004-жыл Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын жалпы калайык-калкы үчүн жакшы, жемиштүү болду. Бул жылдын жетишкендиктерине негизденип, биз келе жаткан 2005-жылга дагы оптимизм менен карасак болот деп айтмакчымын- деди Аскар Акаев 2004-жыл аяктап баратканда кыргыз телевидениеси жана радиосу аркылуу түз эфир байланышына чыгып.

Бирок өкмөт да, чет өлкөлүк адистер да өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бир топ кыйынчылык болорун белгилешет. Эл аралык валюта корунун адистери экономикалык өсүшкө биринчи кезекте алтын өндүрүшүнүн азайышы тааасир берерин айтышат. Ошондой болсо да алар быйыл 5% экономикалык өсүш реалдуу деген ойдо:
-Чындыгында биз Кумтөрдө алтын өндүрүүнун азайышына байланыштуу экономикалык өсүш бир аз төмөндөйт деп болжойбуз. Ошого карабай биз экономикалык өсүш 5% түзүшү мүмкүн деп эсептейбиз –деди Тапио Саавалайнен.

Ал Кыргызстан алтындан бөлөк тармактардын өнүгүшүнө түрткү болчу бир нече кадамдарды жасашы керек экендигин айтат. Эл алалык валюта корунун быйылкы жылга белгиленген программасында кооррупцияны ооздуктоо, жаӈы салык кодексин киргизүү, экспортчуларга кошулган наркка салыкты кайтаруу өӈдүү айтканга жеӈил, аткарганга кыйын иш-чаралар бар.

Бийлик алтын өндүрүшүнүн азайышы кыйынчылык туудурат деген менен, ал экономикалык өсүшкө анчалык тоскоол боло албайт деген ойдо. Ал өткөн жылдагы экономикалык өсүш мурдагыдай алтындын эсебинен эмес, башка тармактарда жаралган ийгилик экендигин белгилеп, ал аны андан ары улантса болот деп эсептейт. Өлкө башчы өзүнүн сөзүндө 2005-жылы 2 ири долбоор – Кытайды көздөй кеткен темир жолдун, Камбарата ГЭСтеринин, аллюминий заводдорунун курулушу баштааларын билдирди:
-Темир жол жана Камбарата электр станциялары менен аллюминий завод өӈдүү 2 чоӈ келишимге 2005-жылы кол коюп, «кылым долбоорлоруна» «старт» берсек деген чоӈ маселени алдыма коюп жатам –деди Аскар Акаев.

Ал экономикалык өсүшкө шайлоо, тагыраак айтканда шайлоого байланыштуу саясий стабилдүүлүктүн бузулуп кетиши тоскоол болот деп чочулайт:
-Ушул шайлоолордун өтүп жатканына карабай экономиканын туруктуу өсүп-өнүгүшүн сөзсүз сактап калышыбыз керек. Ушуга бүт күчүбүздү, бүт аракетибизди жумшашыбыз керек. Мына, Украинаны көрүп турабыз. Украинанын экономикасы быйыл эки шайлоонун аркасы менен таптакыр отуруп калды. Шайлоо деген жакшылык алып келиш керек. Жаӈы жаӈылык алып келиши керек. Шайлоо экономиканын өсүшүнө, элдин турмушунун жакшырышына алып келиши керек. Экономиканы кризиске түрткөн, элдин турмушун начарлаткан шайлоонун, менимче, эч кереги жок- деди Аскар Акаев ошол эле түз эфир байланышында.

XS
SM
MD
LG