Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Орусия Украина менен Грузиянын саясатына кийлигишпейт


Орусия украиналыктардын талаштуу президенттик шайлоодогу тандоосун урматтайт жана Грузиянын тышкы саясатына кийлигишпейт. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу немецтердин "Хандельсблатт" гезитинде жарыяланган маегинде билдирди. Сергей Лавров интервьюсунда Украина менен Грузия НАТОго жана Евробиримдике карата саясатын өздөрү аныкташ керектигин белгилеген. Өткөн жылдын соңку айларында Евробиримдикте төрагалык кылган Голландиянын тышкы иштер министри Бен Боттун Украина Батыш менен катарлаш болушу керек деген пикирин орус тышкы иштер министри мурдараак сынга алган.

Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG