Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Израилдин өкмөтү Газа сектору боюнча планын аткарат


Израилдин өкмөтү Иордандын Батыш жээги менен Газа секторунан аскерлерди чыгаруу жана жөөт конуштарын көчүрүү планы, конуштарда жашаган калктын нааразылыгына карабай аткарыларын билдирүүдө. Көчүрүлүүчү конуштарда жашаган жөөт тургундарынын көпчүлүгү бул маселе референдумга коюлуш керек деп эсептешет жана турак –жайын өз эрки менен таштоодон баш тартып жатышат. Алар кечээ Израил парламенти- Кнессетин имараты алдында мөөнөтсүз нааразылык акциясын башташты. Премьер- министр Ариэль Шарон өкмөттүн буюругун аткарбаган жоокерлер катуу жазаланырын эскертти. Ал эми өлкөнүн коргоо министринин орун басары Зеев Боим Израил радиосунда сүйлөгөн учурунда конуш тургундарын маселеге жоопкерчилик менен мамиле жасоого, аскерлерди жетекчиликтин буюругун аткаруудан алагды кылбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG