Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Ооган өкмөтү Пакистан менен чек арага кошумча аскер жөнөттү


Өкмөт аскерлерди жиберүүнү кечээ буюруду. Мунун алдында чек арада орун алган минемоттук жана артиллериялык атышуудан пакистандык бир жоокер өлүп, үчөөсү жаракат алган. Пакистан өкмөтү бул окуяга байланыштуу нааразылык билдирди, бирок алардын аймагын көздөй снаряддарды Ооганстандын өкмөттүк аскерлери же согушкерлер атканын анык билбесин моюнга алды. Ооганстандагы америкалык командачылыктын өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар Пакистан менен Ооганстандын ортосунда ушул окуядан улам чыгышы мүмкүн болгон түшүнбөстүктөрдү чечүү үчүн эки жак менен тең иштешет.

XS
SM
MD
LG