Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Кувейтте аскер кызматчыларынын тобу камакка алынды


Кувейт армиясынын өкүлү Юсеф ал-Мулла жергиликтүү КУНА жаңылыктар агентигине "дос аскерлерге" каршы кол салууну көздөгөн деген шек менен камалгандар өлкөнүн аскерий чалгын кызматына сурак берип жатканын билдирди. Ал эми Рейтер агенттиги Кувейттин коопсуздук кызматынын өкүлүнө шилтеме берип кабарлаганына караганда, жоокерлер менен армиянын жогорку чиндеги офицерлеринен кеминде 8 адам АКШнын Кувейттеги аскерлерине каршы кол салуу уюштурууну пландаган деген шек менен бир апта мурда камалган. Кувейтте АКШнын 25 миңдей жоокери бар жана бул жер АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн коңшу Иракка ары-бери каттоосу үчүн негизги транзиттик түйүн катары эсептелет. АКШнын Кувейттеги элчилиги өткөн айда аларда терракт жасалары жөнүндө ишенимдүү маалымат бар экенин эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG