Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

Иракта кол салуулар менен жардыруулардан кеминде 20 адам каза тапты


Курман болгондордун 3сү британиялык, калгандары ирактыктар. Алар негизинен Улуттук гвардиянын жоокерлери менен полицейлер. Багдадда кечээ эле үч жарылуу орун алып, биринде жанкечти миналанган автоунааны Ирактын премьер- министри Ияд Аллавинин партиясына караштуу кеңсенин жанында жардырып жибергенде, эки полицей бир жергиликтүү тургун адам каза тапты. Жардыруу үчүн "Ансардын армиясы" деген топ жоопкер болду. Аналитиктер Иракта козголоңчулардын кол салуулары күчөгөнүн 30-январга белгиленген шайлоо менен байланыштырышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG