Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

УКРАИНАДА КИМДИН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР БОЛУШУ КӨП МАСЕЛЕНИ ЧЕЧЕТ


Кубат Оторбаев, Прага Украинанын жаңы президенти Виктор Ющенко эми убада кылган саясий, экономикалык реформаларды турмушка ашырыш үчүн өз өкмөтүн түзүүгө тийиш. Ал азырынча премьер-министрликке татыктуу делген эки талапкердин кимисине токтолоорун биле элек. Өкмөт башчылык кызматка эки адамдын ысымдары аталууда, алар – радикал көз караштагы Юлия Тимошенко жана социалисттердин лидери Александр Мороз. Экөө тең Ющенконун жакын пикирлештери болгону менен алардын экономикалык программаларында бир катар айырмачылыктар бар.

Украинада ыңкылап менен жыйындардын эйфориясы артта калды. Эми шайлоочуларга берген убадаларды аткара турган мезгил келди. Жаңы президент Виктора Ющенко өлкөнү рынок экономикасына негизделген демократиялык мамлекетке айлантыш үчүн өзүнүн колуна кол, бутуна бут боло турган мыкты команда топтоого тийиш. Ал команда болсо премьер-министрден башталат. Ошондуктан Ющенконун алдында азыр чече турган маселелер жетиштүү.

Игорь Лозев – Киевдеги Мохилев атындагы тарых жана философия академиясынын профессору. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда Ющенко өзүнүн айланасына оңчул да, солчул да күчтөрдүн башын бириктирген мыкты коалиция түзгөндүгүн белгиледи. Аларды эски режимди жактырбагандык жана Ющенкону колдоого алуу бириктиргени менен мисалы, радикалдык көз караштагы Юлия Тимошенко менен социалисттик өнүгүүгө артыкчылык берген Александр Мороздун Украинанын келечегин кандай куруу керек деген маселеде көз караштары бири биринен кескин айырмаланат.

– Аларды өткөндү четке кагуу бириктирди. Бирок четке кагуунун негизинде эле биригүүгө мүмкүн эмес, ал үчүн позитивдүү бир программа керек. Андай программа болсо азыр ушунчалык кенен түшүнүк – анын алдында азыр баардык күчтөр ынтымакта болуп жатышат, - дейт Лозев.

Анын пикиринде азыр Ющенконун жанында жүргөндөрдүн баары коррупцияга каршы күрөшүп, экономиканы жакшыртууну жана Европа менен ысык ымалада болууну каалашат. Бирок максат бир болгону менен ага жетүүчү жолго келгенде көз караштарда айырма чоң. Мисалы, Юлия Тимошенко мамлекет жеке менчикке кең-кесири жол ачууга тийиш деп эсептейт. Ал эми Мороз болсо завод, фабрика, ишкана, байлыктын баары мамлекеттин көзөмөлүндө калса деген ойдо, ошондон улам ал буга чейинки менчиктештирүүнүн жыйынтыктарын кайра карап чыгышыбыз керек деген пикирде турат. Тимошенко болсо Ющенко сыяктуу эле мындай идеяга каршы.

Премьер-министрликке аттары аталып жаткан бул эки талапкердин экономикалык реформа боюнча эле эмес, өлкөнүн саясий системасы боюнча да пикирлери бир жерден чыкпай жатат. Мороз баштаган социалисттер бийликтин көбүн парламентке беришибиз керек десе, Ющенко и Тимошенко президенттин колунда ыйгарым укуктар жетиштүү болууга тийиш деген көз карашты карманышат. Ошондон улам Лозевдин айтымында кимдин премьер-министр болуп дайындалышы менен Украинанын келечегине байланыштуу бир катар маселелердин башы ачылат:

– Мороз менен Тимошенконун кимисине токтолот – ал көп нерсени чечет. Эгер Ющенко Морозду тандаса анда социалисттер социалдык-экономикалык реформаларга катуу тоскоол болушат, - дейт талдоочу.

Азыр таразанын табагы Тимошенконун пайдасына ооп жаткандай, анткени ал буга чейин бийлик структураларында иштеп, вице-премьер-министрликке чейинки жолду баскан. Бир кезде ал өлкөнүн энергетика системасын да башкарган болчу. Анын айынан Тимошенко экономикалык күмөндүү операцияларды жасаган деп Кучманын тушунда камакка алынып, бирок дароо бошотулганы да бар. Лозевдин пикиринде болсо азыр баарына жагыш дегеле мүмкүн эмес. “Атургай Ющенконун өзү деле бир жактуу кабыл алынбай жатпайбы”, дейт ал.

Донецкидеги эркин интернет журналдын уюштуручусу Сергий Хармаш Морозго караганда Тимошенконун шансы көп дейт:

– Мындан ары мамилелер кандай болоорун айтыш кыйын. Бирок менимче Юлия Владимировна премьер-министр болууну катуу көздөп жатат. Ошондон улам ал Мороз менен Порошенко сыяктуу талапкерлерге караганда катуу аракеттенип, жергиликтүү элита менен жана саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүнө колдоо издөөдө.

Игорь Лозев болсо премьер-министр ким болгон күндө да украиндыктар жаңы президент Ющенкодон чечкиндүү реформаларды күтүп жатат, ошондуктан өкмөт башына ким келсе да буга чейинки берилген убадалар аткарылууга тийиш, эл ушуну гана каалайт дейт.

XS
SM
MD
LG