Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

ТҮРК – ИЗРАИЛ БАЙЛАНЫШЫ: КЕЛЕЧЕК БАРБЫ?


Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл иш сапар менен бүгүн Израилде болуп, Израилдин жетекчилери менен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын, эки өлкөнүн өз-ара байланыш маселелерин талкууга алды.

Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл, Палестинде, маркум Ясир Арафаттын ордуна шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан бир учурда, Израил жана Иорданияны да камтыган расмий иш сапары менен Жакынкы Чыгышта жүрөт. Ал бүгүн Тель- Авивде, Израилдин Президенти Моше Катсав (Мосхе Катсав) тарабынан кабыл алынып, премьер- министир Ариел Шарон жана тышкы иштер министири Силван Шалом менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Гүлдүн Израил жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги багытын Жакынкы Чыгыш тынчтык жараяны жана эки өлкөнүн өз ара экономикалык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери ээледи.
Дипломаттык чөйрөлөр, Гүлдүн Израилдеги сапарыныны күн тартибинен көрө, дегеле бул сапарга өзгөчө маани берип жатышат. Израил менен Түркиянын ортосунда, еврей мамлекетинин түзүлүшүнөн бери карай тыгыз байланыштар, анда санда олку-солкулук болсо дагы, дээрлик дурус багытта өнүгүп келди. Атүгүл, бул эки өлкөнүн ортосунда, аскердик жактан дагы тыгыз кызматташтык түзүлдү. Бирок, эки жылдай илгери Түркияда исламчыл маанайдагы адилет жана өнүгүү партиясы бийлике келип, премьер-министир Режеп Тайып Эрдогандын башкаруусунда өлкө, тегерегиндеги мусулман өлкөлөр менен дагы мамилелерди чыңдоого багытталган көп кырдуу дипломатияга карай багыт ала баштады. Эрдогандын өткөн жылда Израилдин өкмөтүнүн палестиндерге карата жасаган аскердик операцияларын, ‘мамлекеттик террор’ деп баалоосунан улам, мамилелер бар аз солгун тарта баштаган. Дипломаттык чөйрөлөрдүн баамында, Эрдогандын Израилди катуу сындашына, Анкара өкмөтүнүн Израил-Палестин жаңжалына ортомчулук кылуу жөнүндөгү сунушунун Ариел Шарондун өкмөтү тарабынан четке кагылуусу себеп болгон.
Абдуллах Гүл бүгүн Тель- Авивде жетекчи чөйрөлөр менен болгон жолугушууларында, Сирия менен Израилдин ортосунда ортомчулук кылуу тууралуу Анкаранын сунушун дагы бир жолу кайталады
Жакынкы Чыгышта тынчтык үчүн жагымдуу кырдаал пайда болгонун, жана бул атмосфера жакшы натыйжаларга алып барарын белгилеп, Түркия бул учурдан пайдаланып, тынчтыкты орнотууга үлүшүн кошуусу абзел экенин айткан эле.
Ал бүгүн, Израилдин тышкы иштер министири Силван Шалом менен жолугушкандан соң маалымат жыйынында ал пикирин дагы бир жолу ырастап, бул учурду текке кетирбестик үчүн, Израилдин жана арабдардын жакын досу болгон Түркия колдон келгендин бардыгын жасоого даяр экенин билдирген. Кийинки аралыкта Сирия менен Түркиянын мамилелери кыйла жакшыра баштаганын эске салып Гүл, “тынчтык жараянына кошо турган биздин да үлүшүбүз болсо, бул бизди абдан кубантаар эле” деди.
“Мен бул тууралуу оптимисттик көз караштамын. Сириялыктар дагы тынчтыкты көксөп жатканына көзүм жетип олтурат” деп кошумчалады Абдуллах Гүл мырза.
Израил министири Силван Шалом болсо, Жакынкы Чыгышта кан төгүүлөрдү токтотуш үчүн, сунуш кылынган ар кандай жардамды Израил өкмөтү канааттангандык менен кабыл аларын билдирди.
Еврей саясатчы ошол эле учурда, дымып калган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра башталышы үчүн, алды менен, Израилге карата террордук чабуулдар токтотулушу талап кылынарын билдирди. Силван Шалом, Палестиндеги шайлоолордо Арафаттын ордуна талапкер Махмуд Аббастын, Израилдик чабуулдун натыйжасында каза тапкан жердештеринин жаназа ырасминде Израилди ‘сионист душман’ деп аташын, өкүнүчтүү окуя катары мүнөздөдү.
Түркиянын Тышкы иштер министири Абдуллах Гүл андан ары, Израилдин премьери Ариел Шарон жана оппозициядагы жумушчу партиясынын лидери Симон Перес менен да жолугушуп, күн тартибиндеги маселелерди талкууга алды.
XS
SM
MD
LG