Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

Айнура Жекше кызы, Прага Шейшембиде белгисиз бирөөлөр Багдаддын губернатору Али Ради ал-Хайдарини жанындагы жан сакчылары менен кошо өлтүрүп кетти. Кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө эч ким ала элек. Бирок, Ирактын бийликтери ырастагандай, бул окуя 30-январга белгиленген жалпы шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн карасанатайлыктын бири.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги билдиргендей, губернатор Али Ал-Хайдари бараткан автомашина жана аны коштогон жан сакчылар Багдаддын Адил чөлкөмүндө буктурмага кабылган.

“Азаттыктын” аналитиги Кэтлин Ридолфо Ал-Хайдари таанымал саясатчы болчу дейт:

- Губернатордун өлтүрүлүшү шайлоо алдындагы зомбулук толкунунун контекстинде каралышы керек. Кечээ Ирактын 4 аймагында бомба жардырылды. Айдын этегине дейре ушундай окуяларга күбө боло беребиз. Козголоңчулар шайлоочуларды коркутуп-үркүтүп, добуш берүүгө катыштырбоону көздөшөт. Экинчи жагынан ат салышууга даярданып жаткан саясатчыларга “силер да ушундайга туш болосуңар” деп эскерткилери келет.

Ак үй губернатордун өлтүрүлүшүнө карата өз реакциясын дароо билдирди. Таиландда жүргөн мамлекеттик катчы Коллин Пауэлл:

- Иракта мурдагы режимдин элементтери, террористтер, киши өлтүргүчтөр дагы эле көп экени дагы бир жолу айгинеленди. Алар өлкөнүн лидерлигинин эл тарабынан тандалышына каршы. Алар өткөн чакка, Саддам Хусейндин ырайымсыз режимине кайткысы келет. Бирок мындай пландар ишке ашпайт.

Пауэлл шайлоо белгиленеген мөөнөттө өтөт деген үмүтүн билдирди:

- Ирактын өткөөл өкмөтү адабатчылар менен чечкиндүү күрөшүп келатат. Коалиция да шайлоонун ийгиликтүү өтүшү үчүн бар аракетин жумшайт.

Ал-Хайдари Багдадды калыбына келтирүүгө чет элдик компаниялар менен миллиондогон доллар өлчөмүндөгү контракттарга кол койгон.

- Багдад башка шаарларга караганда өзгөчө мааниге ээ. Баш калаанын бюджети да көбүрөөк. Албетте Ирактын бардык шаарларына мындан да көп каражат талап кылынат. Бирок Багдаддын маанисин эстен чыгарбаш керек,- деп айткан губернатор өткөн айда.

Ирактын жаңы өкмөт мүчөлөрү америкалыктар менен кызматташуусунан улам козголоңчулардын негизги бутасына айланды. Ал-Хайдариге чейин жогорку даражалуу кызматкерлерден мурдагы Башкаруу кеңешинин төрагасы Абдель Захра Отман киши колдуу болгон эле.

Ноябрда Багдад шаарынын губернатор орун басары Хатим Камил да буктурмага кабылып, окко учкан. 27-декабрда болсо шийилердин ири саясий партиясынын баш кеңсеси жардырылып, 13 киши мерт кеткен. Партиянын лидери Абд Ал-Азиз ал-Хаким кол салуудан аман калган.
XS
SM
MD
LG