Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

КЫРГЫЗСТАН «ДЕМОКРАТИЯ АРАЛЧАСЫ» ДЕГЕН ЖҮЗҮҢ КАЙДА?.. АЧЫП КОЙЧУ?..


Чолпон Орозобекова, Бишкек Айрым байкоочулардын баамында, Кыргызстан мурдагы «демократия аралчасы» деп аталган жүзүн жоготту. Оппозициячыл саясатчылар Кыргызстанда демократиянын илеби калганбы же жокпу алдыдагы парламенттик шайлоо көрсөтөт деп үмүт артышат. Ал эми мамлекет башчы Аскар Акаев 2005- жыл өлкөдөгү демократиялык өнүгүүнү ого бетер бекемдөөнүн жылы болорун жарыя айтып келет.

Президент Аскар Акаев жаңырган жылга үч чоң милдет койсо, анын бири өлкөнүн демократиялык абройун бекемдөө.

Аскар Акаевдин айтымында, быйыл өлкөнүн демократиялык беделин көтөрүп, парламенттик жана президенттик шайлоолорду таза жана адилет өткөрүп алуу керек. Мамлекет башчысынын айтымында, дүйнөлүк коомчулук көзүнө Кыргызстанда демократия терең тамырлап, он жыл ичинде бекем орноп калганын далилдөө милдети турат.

«Биздин өлкө демократиянын шарапаты менен ыкчам жана ийгиликтүү өнүгүп жатат» деди Аскар Акаев. Мындай пикирин ал жаңы жыл босогосундагы Улуттук телеканал аркылуу көрсөтүлгөн «түз байланышта» билдирген.

Бирок, мамлекет башчынын мындай оптимисттик көз карашы коомчулукта олуттуу деле колдоо таба алган жок. Айрым байкоочулардын баамында, Кыргызстанда демократиялык жараян чегинүүгө бет алып, өлкөдө оппозициялык маанайдагы күчтөргө куугунтук күчөп, сөз эркинидиги кысымга алынууда.

Коомдук жана маданий ишмер Түгөлбай Казаков Кыргызстан өзүнүн бүгүнкү акыбалы менен ооз көптүрө албайт деген ойдо:

- Бир кезде жетишилген эркиндик чектелип, эркин гезиттер менен телерадиолордун саны кескин кыскарып баратса демократиянын жеңиши деп майрамдай албайбыз да. Парламенттик шайлоодо көп нерсе айкын болот. Эгер мамлекет башчысы шайлоону өзүнө ылайык нукта өткөргүлө деп буйрук берсе анда кыйын болот го. Акүйдүн «ак тизмесиндегилерди» өткөрүш керек деген принцип иштеп кетсе анда демократия тебеленет.

Президент Аскар Акаев бир курдай ирегедеги шайлоолордун демократиялуу жана ачык-айкын өтүүсүнө бүткүл колдон келген аракеттин баарын жасайбыз деп билдирген.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар бул убаданы кубаттоо менен кабыл алып, ошол эле кезде оппозицияга айтылган дооматтарынан сестенип турушкандай.

«Кыргызстан элдик кыймылынынын» мүчөсү, экс- министр Кулубек Бөкөнбаев Кыргызстанда демократиянын илеби да калган жок деген көз карашта:

- Президенттин оозуна май. Ылайым ал айткандай болуп эле шайлоолор адилет өтсө экен. Бирок, жаңы жыл алдында «Кыргыз туусу» гезити аркылуу президенттин жанжөкөрү Кубанычбек Жумалиев бизге чоң муштумун көрсөттү. Ал эми президент өзү деле бир нече ирет оппозиция күч менен бийликке келгиси келет, аларга жол бербейбиз, биз аларды талкалайбыз деген кыязда сүйлөбөдүбү. Бизде демократия сөз жүзүндө гана болуп калды. Эл аралык коомчулук алдында бийлик мактанып эле коет, а турмуш жүзүндө башканы жасап келет.

Президент Аскар Акаев өлкөдө миңдеген бейөкмөт уюмдар менен эркин маалымат каражаттары эч тоскоолсуз иштеп жатканда демократиялык жараянга акаарат келтирүү адилетсиздикке жатат деп санайт.

Бирок, шайлоолор жакындаган сайын эркин массалык маалымат каражаттарына тымызын басым да эчак башталган деген пикирлер өкүм сүрүүдө. «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев Башмыйзамдагы мамлекеттик бийлик бутактары тарабынан сөз эркиндигин бузган бир да мыйзам чыгарылбайт деген 58-беренеси бузулуп жатат дейт. Анын пикиринде, шайлоо учурунда массалык маалымат каражаттары өзүнүн иликтөөлөрүн, социологиялык сурамжылоолорду жарыя кылганга тыюу салынышы сөз эркиндигин чектөөдө. Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө шайлоо өнөктүгү учурунда массалык маалымат каражаттарына ого бетер жол ачылып, ар тараптуу иликтенет.


«Бейөкмөт уюмдар ассоцициясынын» жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын айтымында, быйыл шайлоо кодексине бир топ өзгөрүүлөрдүн киргени Кыргызстанда демократиянын ого бетер алгалап баратканынын белгиси. Токтайым Үмөталиева билдиргенге караганда, ЕККУ өңдүү абройлуу уюмдар Кыргызстанды сөз эркиндигин сактоо боюнча лидер өлкөлөрдүн катарына кошууда, андыктан кыргыз бийлиги өлкөнүн «демократия аралчасы» деген жүзүн сактап кала алды.

Бирок, соңку жылдарга абай салып отуруп Кыргызстан «демократия аралачасы» деген атка татыксыз болуп калды деген ойлор бар.

«Интербилим» бейөкмөт уюмунун лидери Асия Сасыкбаева Кыргызстанда демократиялык жараянды артка сүйрөп, өлкөнүн демократиялык бейнесин бузган көп окуялар болуп кетти дейт.
XS
SM
MD
LG