Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Танаев парламенттик шайлоо боюнча Ошто жашыруун жыйын өткөрдү


ОШ. Ош облустук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн бул жыйынга Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын губернаторлору жана түштүктөгү бардык райондордун акимдери чакырылгандыгы маалым болду. Мындан сырткары кеңешмеге жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери да катышты. Кандайдыр бир белгисиз себептерден улам кеңешме жыйынга көз каранды эмес маалымат каражаттарынын журналисттери киргизилген жок. Айрым бир ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, жашыруун мүнөздө өткөрүлгөн чогулушта өкмөт башчысы Николай Танаев жана кеңешме жыйындын башка катышуучулары алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолорго карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маселелерди талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG