Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Иш убагында каза болгон журналисттердин саны өсүп барат


БИШКЕК. Баш кеңсеси Белгиянын Брюссель шаарында жайгашкан басма сөздүн коопсуздугу аттуу эл аралык институттун билдирүүсү боюнча, 2004-жылы дүйнө жүзү боюнча 117 журналист кесиптик милдетин аткарып жатып курман болду. Институттун эсеби боюнча, алардын 42си Иракта, 12си Филиппинде, 8и Индияда, бешөө Бразилияда, Мексика менен Бангладеште каза болушкан. Ал эми баш кеңсеси Америкада жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» өткөн жылы 56 журналист каза болду деп билдирди. Комитеттин эсеби боюнча, алардын 36сы киши колдуу болуп өлүп, өлтүргөндөрдүн изи табылбай калган. Журналисттер көп каза болгон өлкөлөрдүн ичинде Бангладеш, Мексика, Шри-Ланка, Бразилия, Пакистан жана Орусия бар.

XS
SM
MD
LG