Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

«Алга Кыргызстан» партиясы Бермет Акаеваны колдошу ыктымал


«Алга Кыргызстан» партиясы келээрки парламенттик шайлоодо мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеванын талапкерлигин колдоону көздөөдө. Бул тууралуу аталган партиянын жооптуу катчысы Мелис Жунушалиев «Ассошиейтет пресс» маалымат агенттигине береген интервьюсунда билдирген.
Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин жергиликтүү «МСН» газетасы келээрки парламенттик шайлоого мамлекет башчы Аскар Акаевдин үй-бүлөө мүчөлөрү, тагыраак айтканда аялы Майрам Акаева, кызы Бермет жана 28 жаштагы баласы Айдар Акаев катыша тургандыгын жазып чыккан. Ал эми бейрасмий түрдө «Алга, Кыргызстан» партиясы мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева тарабынан түзүлгөндүгү айтылып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG