Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Атуулдук коом ынтымагы шайлоого даяр


БИШКЕК. 4-январда Кыргызстандагы 27 коомдук, бейөкмөт уюм, кыймыл жана саясий партиялардын башын кошкон атуулдук тилектештиктин жыйыны өттү. Тилектештикке кирген бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдон алынган маалыматка караганда, анда тилектештиктин парламенттик шайлоону адилет өткөрүүгө багытталган иш-чаралары талкууланды. Алардын эң башкысы катары тилектештик Борбордук Шайлоо комиссиясына кеңеш берүүчү добуш менен бейөкмөт жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн сунуштоосу зарыл деп белгиленди. Жыйындын катышуучулары Борбордук Шайлоо комиссиясына кеңеш берүүчү добуш менен «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын атынан Эдил Байсаловду, атуулдук тилектештиктин атынан юрист Нина Векуяны сунуштоо маселесин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG