Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Саясий партия келерки парламенттин сапаты боюнча тынчсызданууда


БИШКЕК. 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого кылмыш чөйрөсү менен баңги соодасынын өкүлдөрүнүн катышуу аракеттери тынчсыздандырат. Мындай пикирин «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын жооптуу катчысы Мелис Жунушалиев «Интерфакс» агенттигине берген интервьюсунда билдирди. Жунушалиевдин билдирүүсү боюнча, кылмыш жана баңги соода чөйрөсүнүн өкүлдөрү депутат болуп калса, алар парламентте кылмыш менен байланышкан ишкерлерликтин жана диний уюмдар менен тыгыз кызматтагы баңги соода тармагынын кызыкчылыгын коргошу ажеп эмес. «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу кызматкери андан тышкары эгер аталган чөйрө талапкерлери парламенттик шайлоодон кийин утулуп калса, Украинадагыдай бийликке басым жасоо ыкмасы менен башаламандыкты пайда кылаарын да белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG