Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25
БИШКЕК. «Ата журт» саясий кыймылынын тең төрайымы, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева бүгүн (4-январда) Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектин №1 Университет шайлоо округу боюнча ат салышуу үчүн округдук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырды. Шайлоо комиссиясы анын арызын карап, расмий каттоого алуу үчүн талапкер Кыргызстандын аймагында 2004-жылдын ичинде кеминде 6 ай үзгүлтүксүз турушу керек деп билдирди. Роза Отунбаева болсо Бишкекте 1993-жылдан бери каттоодо тургандыгын жана чет өлкөдө мамлекеттик кызмат боюнча иштеп жүргөн менен жашап тургандын айырмасы бар экендигин билдирди. Шайлоо комиссиясы бул күнү арыз боюнча бир чечимге келе албай, аны кароону 5-январга калтырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG