Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Украинанын жаңы президенти экономиканы бир жылда жөнгө салууга убада берүүдө.


Украинанын жаңы президенти болуп шайланган Виктор Ющенко кечээ күнү Польшанын ЕМТ сыналгысынын кабарчысына интервью берип, жаңы жетекчиликтин туура экономикалык саясатынын үзүрүн украиналыктар бир жылдын ичинде сезет деп билдирди. Анын айтымында, негизги саясат өлкөнү Европа Биримдигине кошуу багытында жүргүзүлөт жана ал өлкөдө чыныгы демократия орнотуу менен байланыштуу. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Украина эли кимди президент кылып шайласа, Москва аны менен кызматташууга даяр жана эч качан ага каршы эч нерсе айткан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG