Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

Палестина автономиясынын башчысы Израилди "сионисттик мамлекет" деп атады.


Палестина автономиясынын убактылуу жетекчиси Махмуд Аббас бүгүн Газа тилкесиндеги Хан-Юнус аттуу шаарда шайлоочулар менен жолукканда, кошуна Израилди "сионисттик өлкө" деп атады. Жекшемби күнү Палестинада шайлоо өткөрүлөт жана ноябрда каза болгон төрага Ясир Арафаттын ордуна жетекчи шайланууга тийиш, Аббас азыр - негизги талапкер. Арафаттын учурунда ал премьер-министрлик кызматка да дайындалган жана токтоо саясатчы деп эсептелинчү. Шайлоо өнөктүгү учурунда болсо ал басылып алынган араб жерлерин Израил толук бошотууга тийиш жана Палестина менен Израил ортосунда тургузулуп жаткан дубалдын курулушун токтотуш керек деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG