Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

ШАЙЛОО АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨ ИШЕНИМ ЖОК, “ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН 35 ТАЛАПКЕРИ, УКРАИНА САБАКТАРЫ


“Жаңы кылым” жумалыгы “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын 2004- жылдын 25-декабрында өткөн курултайынын чечими менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн 35 талапкердин тизмесин жарыялады. “Жетимен” жана “Замандаш” журналдарынын жаңы саны даярдалып жатат.

“Дил ордосу” гезити жаңы 2005- жылды ким кандай тоскону тууралуу маалымдады. Ушул басылманын “Келечек парламентти кандай элестетесиз жана кимдер келиши мүмкүн?” деген суроосуна КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев “ Алдыдагы парламентке чөнтөгү калың, күн карама адамдарды алып келүү үчүн бийликтин аракет кылып жатканын, бир орунга 10дон ашуун адам ат салышаарын, бийлик калыстыкка барса жакшы болоорун, бирок, адилет шайлоо болот деп ишенүү кыйын” экенин айткан. Ушул суроого Жогорку кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов: “Келечек парламентке оппозиция өкүлдөрүнө бийлик бут тосуп, ар кандай жол менен өкмөт өз кишилерин алып келиши мүмкүндүгүн, шайлоо адилеттүү өтөөрүнө толук ишеним жоктугун, өлкөнүн өткөөл мезгилдеги тагдырын чече турган парламент болоорун жана ага жараша Кыргызстан андан ары өнүгөөрүн” айткан. “Парламентке кайсы тараптын кишиси көп келсе, ошол тараптын адамы президенттикке келет. Айрым адамдардын “шайлоо криминалдашып кетти” деген сөзү чындык” дейт депутат Дүйшөн Чотонов
“Жаңы кылым” жумалыгынын жаңы жылдык санында 2005- жылдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө 82 миллион сом жумшалаары, учурда талапкерлерди каттоо улантылып жаткандыгы маалымдалат. Ошондой эле ушул басылма “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын 2004- жылдын 25-декабрында өткөн курултайынын чечими менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн 35 талапкердин тизмесин жарыялады. “Жаңы кылым” жумалыгы да өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, жылдын мыктыларын да аныктады.

“Жетимен” адабий журналынын жаңы санында жарыяланып жаткан макалалар, чыгармалар тууралуу баш редактор Аскер Сакыбаева мындай деди:
- “Көркөм иликтөөч” деген рубрикабызда белгилүү сынчы Кадыркул Даутов сатирик Райкан Шүкүрбековдун “Жинди суу” чыгармасын баштан аягына чейин талдоого алып, иликтеп берген. Биз тил жөнүндө айтпасак, биз тилге күйбөсөк, ким күйөт!? Башты оорутуп, акыл- насаат айтып олтурбай, статистикалык маалыматтарды бердик. Мамлекеттик тил маселеси Чүй обулусунда кандай деңгээлде? Мына ушуну иликтеп көрсөк, айрым кыргыздар өз эне тилин билүүгө кызыкпайт, өз тилин чангандар бар экен. Өз тилинде сүйлөөнү каалабагандар бар тура. Мындай жаштардын тобу пайда болуп келатканын статистикалык маалыматтар далилдейт. Мындай маалыматтарды мамлекеттик тил комиссиясы бизге берген. Бул жолу “Чыгыш жылдыздарынан” Садинин ырларын берип жатабыз. Аны акын Алым Токтомушев которгон. Ошондой эле белгилүү жазуучу, маркум Мурза Гапаровдун “Тангут ханышасынын өчү” деген эч жерде жарыяланбаган пьесасына орун берүүдөбүз.
“Замандаш” журналы да өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды аныктады. Январь айындагы жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу журналдын кызматкери Талант Жороев айтып берди:
- Учурдагы Украинадагы шайлоо бизге канчалык сабак болуп бере алат, үлгү боло алабы? Анын жыйынтыгы Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө таасирин тийгизе алабы же жокпу? Мына ушул жагдайлар тууралуу макала даярдалып, басылганы турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG