Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Израилдин танктарынын огунан Газа секторунда 7 палестин мерт болду


Израилдин танктары Бейт Лахия деген шаарчаны көздөй ок чыгарардан мурда палестин согушкерлери Газа секторун менен Израилдин чек арасындагы көзөмөл бектетине бир нече жолу ракета атышкан. Палестин тараптын маалыматына караганда, курман болгондор - 11-17 жаштын аралыгындагы өспүрүмдөр. Израил тарап болсо курман болгондордун көбү чоңдор, арасында согушкерлер бар экенин билдирди. Палестин автономиясынын башчылыгына негизги талапкерлердин бири Махмуд Аббас бул окуяга байланыштуу Израилди айыптап, "сионист душман" деп атады. Мурдараак ал Израил менен куралдуу күрөшкө каршы экенин айтып жүргөн. Жөөт тышкы иштер министри Силван Шалом Аббастын соңку билдирүүсүн сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG